Ак-Талаадагы ооруканага медициналык кийимдер жана жабдыктар тапшырылды

turmush
Скачать
Просмотров: 319
 
Опубликовано 29 Марта 2020, 19:54

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен аймактык ооруканага медициналык жабдуулар тапшырылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Активист Замир Иманкалиевдин маалыматына таянсак, учурдагы кырдаалга байланыштуу "Ак-Талаа эли" коому тарабынан эң зарыл жана жетишсиз болуп жаткан медициналык жабдуулар тапшырылды. Алсак, 107 даана коргоочу кийим, 400 даана бет кап, 400 даана кол кап жана 2 даана адамдын дене табын өлчөөчү (термометр) жабдыгын тапшырышты. Бул жабдуулардын жалпы наркы 153 миң сомду түздү.

Ал эми жаш активист Кубанычбек Баялиевдин айтуусу боюнча, атын атагыысы келбеген кайрымдуу бир жаран 18 миң сомго 1 даана термометр жабдыгын алып берди. Ал жабдык район жетекчисине тапшырылып, район жетекчиси ооруканага өткөрүп берди.