Ошто азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн, дарыканалардан башка, бардык базарлар убактылуу жабылат

turmush
Скачать
Просмотров: 13170
 
Опубликовано 20 Марта 2020, 12:35


Анын айтымында учурда кийим-кече саткан борбордук базарлардагы соодагерлерге, авто тетик саткан соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, убактылуу жабылууда.
« Ош шаарынын тургундары дүрбөлөңгө түшпөнүздөр. Ош шаарында азык-түлүккө болгон баа жогорулабайт. Азык-түлүк, дарыканалар жабылбайт. Коомдук ашканалар да убактылуу жабылат. Бирок азык-түлүккө болгон танкыстык болбойт. Шаардагы бардык 7 муниципалдык башкармалыктарга да азык-түлүктөрдү жеткирүү маселеси каралууда. Муну түшүнүү менен кабыл алыңыздар. Алдын-алуу гана иштери жүргүзүлүп жатат. Бүгү Ош шаардык мэриясында тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен чукул жыйын болуп, баарына тапшырмалар берилген»,-деди А. Абсаттаров