Жапон кызы кочкорлуктарды Эне тилдин эл аралык күнү менен куттуктады

turmush
Скачать
Просмотров: 234
 
Опубликовано 22 Февраля 2020, 13:56

 Кочкор районундагы  И.Исаков атындагы маалыматтык китепканада Эне тилдин эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Иш-чарага райондун аймагындагы айылдардын китепканачылары, мектеп окуучулары, Кочкор райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору катышышты.  Ошондой эле,  Кочкорго Япония өлкөсүнөн келген ыктыярчы  Нарушими Наизми катышып, катышуучулардын маанайын көтөрдү.
   
И.Исаков атындагы маалыматтык китепкананын директору Анара Бекчороева иш-чараны ачып, Эне тилдин эл аралык күнүнүн келип чыгышына токтолсо,    тейлөө бөлүмүнүн башчысы Кенже Жакыпова «Элдин тили өзүнчө тарых» аттуу баяндама жасады.