Чек ара маселеси: Раджаббой Ахмадзода Баткенге келди

turmush
Скачать
Просмотров: 1137
 
Опубликовано 21 Февраля 2020, 15:41

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода Баткен шаарында жолукту. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилиги билдирди.

Маалым болгондой, Раджаббой Ахмадзода алгач Алишер Абдрахмановду жаңы кызмат орду менен куттуктап, чек аралаш аймактагы элдин ынтымагын бекемдөө, облустар аралык алаканы чыңдоо, ар тараптуу кызматташуу ниетин билдирди. Алишер Абдрахманов кыргыз-тажик элинин достук мамилесин бекемдөө, чек аралаш аймактарда ар дайым туруктуулукту камсыз кылуу жаатында биргеликте иштөө зарылдыгын белгиледи. Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин илгерилетүүгө көмөктөшүү үчүн чектеш аймактарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, эл арасында түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, чыр-чатактарга жол бербөө максатында облустун күч түзүмдөрү тыгыз кызматташтыкта иштөөнү улантуу керектиги макулдашылды.

Бул жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброгим жетектеген чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу жыйынынын алкагында өттү.