Куткаруучу Азамат Мамбетов

turmush
Скачать
Просмотров: 4633
 
Опубликовано 20 Февраля 2020, 16:08

Токмок шаарындагы №21 өрт-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы Азамат Мамбетов 18 жылдан бери куткаруучу кесибин аркалап келет. Ал өрт өчүрүүчүлөрдүн спорттук мелдешине катышып, көптөгөн медаль, ардак баракчалар менен сыйланган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«1999-жылы Чүй районундагы Дөӊ-Арык айылында Калча атындагы №26 орто мектебин аяктадым. 2001-жылы май айында куралдуу күчтөрүндө Балыкчы шаарындагы Панфилов дивизияда кызмат кылдым. 2002-жылы аскерден келгенден кийин, 2003-жылы Токмок шаарындагы өрткө каршы куткаруу бөлүмүнө жумушка орношком. Элди тилсиз жоодон, ар кандай кырсык-апааттардан куткаруу, жардам берүү үчүн өрт өчүрүү кызматына кирүүнү туура көргөм. Тандаган кесибимен адашкан жокмун деп, так кесе айта алам. Анткени бул кесип менин сүйүктүү кесибиме айланды. 2006-жылы Бишкек шаарындагы Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырып, аны 2012-жылы аяктадым», - деди ал.