Баткен шаарында волейболчулар сыйланды

turmush
Скачать
Просмотров: 194
 
Опубликовано 20 Февраля 2020, 14:00

Бүгүн, 20-февралда Баткен шаарында волейболчу спортчулар сыйланды. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов волейбол боюнча Борбор Азиянын чемпиондору Эмил Идирисов менен Жамал Мусаевди ардак грамотасы жана энчилүү сааттар менен сыйлап, акчалай сыйлык тапшырды. Спортчулар Кыргызстандын курама командасында ойношот. 2019-жылы Непалда өткөн Борбор Азия чемпионатында биринчиликти багындырышкан.
2019-жыл ичинде облустун аймагында 16 кичи футболдук аянча ишке берилди.