Таластын тургундары башкача даамданып жаткан сууну текшерип берүүнү суранышууда

turmush
Скачать
Просмотров: 589
 
Опубликовано 24 Января 2020, 17:51

Бүгүн, 24-декабрда Талас шаарынын тургундары «Таза суу» ишканасынын кызматкерлерин чакырышып, өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүнүн түндүк тарабында жашаган Керез Ырысканова бул жерде 60 жылдан бери жашап келе жаткандыгын айтты.

«Үйүмдөн 1 жылдан бери күйүүчү май даамданган суу чыгып жатат. Эң биринчи кошуна келиним «үйүмдөн башкача даамда суу чыгып жатат» деп биздикинен суу ташып баштаган. 1 ай убакыттан кийин бизде дагы ошондой көрүнүш болду. Мына кетет, ана кетип калат деп эч жакка деле кайрылган эмеспиз. Бүгүнкү күндө эшиктин алдындагы кудуктан дагы бөтөн зат тарап жатат деп кошуналар чурулдап калдык. Келип текшерип, анализин чыгарып берүүнүздөрдү суранабыз», - деди ал.

Талас шаарынын мэриясынын алдындагы «Таза суу» муниципиалдык ишканасынын башкы инженери Эдил Бейшекеев комментарий берди.

«Бул жерде ачык эле арыктан аккан суу элге ыңгайлуу болсун деп жер асты менен алынып кеткен. Бул жакта таза суунун суу түтүгү өтпөйт», - деди ал.