«Сары-Өзөн», «Ак-Суунун ак элечек айымдары» этно-фольклордук топторун негиздеген баатыр эне Гүлипа Чыналиева Москва районунун Беловодск айылынын 63 жаштагы тургуну. Анын чыгармачылык жолдору, жашоо турмушу, автоунаа уруп кетип, буту сынган кыйын күндөрүндө да аккордеонун колдон түшүрбөй обон созгон күндөрү менен аймактык кабарчы таанышты.