Москва  районунда жалындап күйгөн унаа

turmush
Скачать
Просмотров: 1088
 
Опубликовано 16 Января 2020, 14:16

Кечээ, 15-январда Москва  районунун  Садовое   айылынын  Совет көчөсүндө  жеңил автоунаа   толугу  менен жалындап   өрттөнүп  кетти.

Маалым болгондой, өрттөнүп кеткен унаа «ВАЗ-2102»  үлгүсүндөгү унаа болгон.

«Автоунаа  Садовое  айылынын   Совет  көчөсүндө  жайгашкан   автоунаа жуугучтун  жанынан   бурулуп  токтогон.  Унаа  жүрбөй  калгандан  улам айдоочу  анын  алдыңкы капотун  ачкан. Ошол  замат  өрт чыгып  кеткен.   Жалындап  күйгөн  өрттү  өчүрүүгө  чамасы  жетпегенден  улам «112»  кызматына  телефон чалган. Алар  бизге, тактап айтканда Москва  райондук  өрт-куткаруу бөлүмүнө ошол  замат кабарлашты. Биздин  кызматкерлер  12  мүнөттө жетип  барышып, жалындап  күйүп  жаткан  өрттү өчүрүштү.  Автоунаада  айдоочу  жалгыз  гана  болгон.  Жабыркагандар  жок. Учурда  өрттүн  келип  чыгуу  себеби  такталууда», - деп  билдиришти куткаруучулар.