Өзгөндүк окуучулар, жолдун алыстыгынан жана бут кийимдерин булгабай баруу үчүн эшек минип сабакка барышат

turmush
Скачать
Просмотров: 1712
 
Опубликовано 16 Января 2020, 13:06

1-вице премьер министр Кубатбек Боронов 14-январь күнү, Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айылдарда элдин жашоосу жакшырып бара жатканын айткан. Анда ал чогулуш жыйындарга жергиликтүүлөр мурдагыдай ат,эшек менен эмес унаалар менен барып калгандыгы менен түшүндүргөн.
Мындан улам, эшек темасы социалдык тармактарда талкууга алына баштаган. Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүндө да окуучулар ушул күнгө чейин мектепке эшек минип бара турганын аталган айылдын тургуну Бакыт Ашир позитив маалымат катары видеого тартып, социалдык тармакка жүктөгөн.