Таластагы айылдан жарадар ак илбирс табылып, талдын башынан түшүрө албай жатышат. Видео

turmush
Скачать
Просмотров: 16960
 
Опубликовано 9 Января 2020, 19:20

Бүгүн, 9-январда Талас районунун Көк-Ой айылында Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Талас облустук Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин жетектөөчү адиси Алиева Айнура билдирди.

«Бизге бул маалымат саат 17:00до келди. Бардык тиешелүү органдар жана жергиликтүү тургундар келишти. Ак илбирс кантип айылга келип калганы белгисиз. Келсек талдын үстүндө ак илбирс турат. Кан агып жатат, жарадар окшойт. Талдын үстүнөн кантип түшүрөбүз билбей турабы. Анткени эч кандай адис же шаймандар жок. Бардык тиешелүү жактарга маалымат бердик. Кармалса Бишкекке реабилитациялык борборго алып барабыз. Билгендер ак илбирстин картаңы деп жатышат. Бирөөлөр баласы деп жатышат. Талдан түшмөйүнчө эч кандай так маалымат бере албайбыз. Учурда ак илбирсти аткандарга 1,5 млн сом айып салынат», - деди ал.