Айланма жолдун ортосунда инкассатор унаасы 2 сааттан бери токтоп турат

turmush
Скачать
Просмотров: 5565
 
Опубликовано 12 Декабря 2019, 18:42

Чүй облусунун Токмок—Кара-Балта жолу менен Калыс-Ордо айылынын жолунун (айланма жолдун аймагы) кесилишинде инкассатордук унаа 2 сааттан бери токтоп турат. Күбөлөрдүн айтымында, аталган унаа ары-бери өткөн унааларга тоскоолдук кылууда.

«Биз саат 15:00дө күн чыгышты көздөй кетип баратканда эле жолдун ортосунда токтоп турган. Унаалар аны айланып, жолдун четинен өтүп жаткан экен. Жанында ЖКККБнын кызматкерлери жүргөн. 2 сааттан кийин кайра күн батышты карай келе жатсак, дагы деле токтоп туруптур. Жол кырсыгына кабылган унаага окшошпойт. Унаа бузулган же бир окуя болгон. Анткени, кайра келе жатканда ЖКККБнын кызматкерлери унаанын айланасына тасма тартып жатышкан экен», - деди күбөлөр.