Таластагы жаштары бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча маселени көтөрүп чыгышты

turmush
Скачать
Просмотров: 530
 
Опубликовано 12 Декабря 2019, 18:12

Бүгүн, 12-декабрь күнү Талас-АКИпрессте маалымат жыйын өттү. Маалымат жыйынга Дин укук жана саясат аналитикалык борборунун Талас облусундагы филиалынын жетекчиси Кемелбек Колубаев менен активист жаштар келишти.
Маалымат жыйында бүгүнкү күндөгү коомдогу терс көрүнүштөрдү чектөө маселесин көтөрүштү.

«Баарыңыздарга белгилүү болгондой жакында эле Гапар Айтиев атындагы музейинде феминисттер же аялзатынын укугун коргоочулары тарабынан сүрөт-көргөзмө иш-чарасы өттү. Анда аялдардын ич-кийимдери илинип, «аборт кыламбы ал өз ишим», «мен кыздарды жакшы көрөм, лесбиянкамын» деп жазышты. Бул батышчыл көз караштагы биздин кээ бир белгилүү адамдар тарабынан кыргыз элинин улуттук дөөлөттөрүн, жаштардын аӊ-сезимин бузууга багытталган диверсия экенин эл учурунда байкай алышты. Алгач булар Кыргызстандагы коррупция жөнүндө маселе көтөрүп, элдин ишенимине кирип баштаган болчу. Бирок бир аз колдоого алынып, элдин ишенимине кирип, өздөрүнө көӊүл бурдуруп баштагандан кийин эле негизги максаттарын башташты. Ошол себептен акыркы байкоолорумдун жыйынтыгын сиздер менен бөлүшүп коюну туура көрүп жана мындан ары аларга каршы бөгөт иштерин колго алууну сунуштайм. Булардын тамыры ушунчалык жайылган экен, ар кимиси ар кайсы теманы көтөрүп, бетине түрдүү темаларды жамынып алып, чогуу аракет кылып келе жатышат. Элдин ишенимине кирүү үчүн коррупция, адам укуктары, сот реформасы деген маселелерди коомчулукка алып чыгышат. Чынынды көтөргөн маселелери туура жана актуалдуу. Бирок ошондой темалар менен элди азгырып, өздөрүнө көӊүл бурдуруп алгандан кийин эле тескери түшүнүктөрдү арасына киргизе башташты. Бүгүнкү күндө аял менен эркекти атаандаштырып, бири-бирине каршылаш кылып салганга жетишти. Кыргыз эли байыртадан эле аялзатына сый-урмат менен мамиле кылып, керек болсо аялдарга эл башкарткан. Ошондуктан бузулган булганыч түшүнүктөр менен жашаган айрымдар, бизге аялга болгон мамилени үйрөтпөй эле койсун. Мындай жийиркеничтүү иш-чарага биздин белгилүү инсандарыбыз өз ойлорун билгизишти. Ошолор «койгула жаштар, мындай биздин салт-санаага, үрп-адатка туура келбейт» деп айтуунун ордуна тескерисинче аларга дем беришти.

Көз карандысыз болгондон бери кыргыз эли кайсы бейөкмөт уюмдардын мамлекетибизге пайдасы бар жана кайсылар пайдасыз экенин түшүндү. Булар биздин ички саясатка кийлигишкенден башка жумуш жасашкан деле жок. Батыштын идеологиясын таратабыз деп анча деген милиондогон акчалар сарпталды. Мисалга алсак ошол эле АКШда «чет өлкөлүк агент» деген сыяктуу мыйзамы 1938-жылдан бери иштейт жана батыш өлкөлөрүндө, жакынкы кошуналарыбыз Россия, Казакстан, Өзбекстанда бейөкмөт уюмдарды көзөмөлгө алуучу мыйзамдарды кабыл алышкан. Ошонун негизинде сырттан болгон каржылоо, граннтар боюнча бейөкмөт уюмдар отчет берип турушат. Ошону менен бирге өзүлөрүнүн ички саясатына кийлигишүүгө да жол беришпейт. Биз дагы керек болсо бул үчүн кол топтоп, иш алып баруубуз керек деп эсептейм.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши жакынкы арада бейөкмөт уюмдарына карата мыйзамдарын кабыл алып, мындай терс корунушторго ынтымак менен каршы туруп, батыштын идеологиясын колдогон бейөмөт уюмдардын ишин тийиштүү мыйзамдардын негизинде көзөмөлгө алыш керек. Бүгүн кайдыгер болсок эртеӊки муун булардын идеологиясы менен жашап калышы толук мүмкүн. Биздин коом гей, лесбиянкаларды эмес, эр жүрөк баатырларды даярдашы керек. Ага жалпыбыз шарт түзүүбүз абзел. Демократия деп көкүрөгүн чапкылагандын баары эле баатыр эмес. Алардын түпкү максаты — улутту жок кылуу. Мекенибиздин тагдырын батышчылдар чече албайт. Илгертеден элдин намысын коргоп, элдин жүгүн көтөргөндөр карапайым элден, элеттен чыккан азаматтар болгон. Кыргыз элим аялдын ордун коомдо жогору коюп келген. Ошондуктан мындай булганган түшүнүк менен жашагандардын аракеттеринин ишке ашуусуна жол бербейли.Келгиле, улуттун азаматтары, уӊгулуу журттун жакшылары чогуу бололу, мындай терс азгырыктарга алданбайлы», - деди Колубаев.