Кочкор районундагы мергенчилер Ат-Башы районундагы коомдук малга кол салган эки карышкырды жок кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор районунун мергенчилер тобунун башчысы Таалай Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылында карышкырлар жылкы, топоздорду кырып жатканына байланыштуу Кочкор районундагы мергенчилерден жардам сурап кайрылышкан.
«Кочкордун мергенчилери Талды-Суудан алты чоң карышкырды көрүп изине түшүшкөн. Үч күн аңдып жүрүп, эки дөбөт карышкырды атып алышты. Төрт карышкыр качып кутулуп кетти.
Учурда мергенчилер Кочкор районунун Кичи Кара-Кужур өрөөнүнөн эки карышкырды көрүп, аңдуу иштерин жүргүзүп жатышат», - деди ал.