Таластагы аксакалдар ыйманды сактоо маселесин көтөрүштү

turmush
Скачать
Просмотров: 384
 
Опубликовано 11 Декабря 2019, 17:45

Бүгүн, 11-декабрь күнү Талас-АКИпрессте Кара-Буура районунун аксакалдары келип, жаштарды туура жолго чакыруу.
Маалым болгондой, маалымат жыйынга Кара-Буура районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Бектурсун Жандаралиев, Кара-Буура районунун аксакалдар соту Кубанычбек Эсеналиев, Кара-Буура айылынын тургундары, активист айымдар Айчүрөк Кыдырова, Аида Барпиева жана Кара-Буура райондук аялдар кеңешинин төрайымы Талимкан Сариева келишти.

«Биз жаштарга улуу муундун атынан кеп кеңешибизди айтууга милдеттүүбүз деп келип олтурабыз. Түптүү элбиз, каада-салтыбызды сактап, ыйманыбыз менен келечек муунга өткөрүп беришибиз керек. Социалдык тармактардан, сыналгыдан жылаңачтанып жана башка жоруктарды жасагандарды көрүп жатабыз. Жаштар жаман жолдорго барбагыла. Кыздарыбыз келечектеги эне болосуңар, бардык нерсени чеги менен туура жагын кабыл алалы. Биз нукура баалуулуктарыбызды, ыйманыбызды сактап калалы», - деди алар.