Лейлек районунун Гөлбө айылында 275 орунга ылайыкташтырылган мектеп салына баштады

turmush
Скачать
Просмотров: 108
 
Опубликовано 11 Декабря 2019, 16:07

Кечээ, 10-декабрда Лейлек районунун Гөлбө айылында К.Казыев атындагы мектептин жаңы имаратына капсула аземи өттү.
Маалым болгондой, 150 орунга ылайыкташкан эски имарат 1975-жылы тургузулган. Жылдан жылга айыл элинин саны көбөйүп, жаңы мектепти куруу зарылчылыгы келип чыккан. 2 кабаттуу жаңы имараттын жалпы сметалык баасы 931 миң 320 долларын түзөт. Аны 2020-жылдагы жаңы окуу жылына толук бүтүрүү пландалган. Жаңы имараттын капсула салуу аземине Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Кеңеш Салихов баш болгон чиновниктер жана айыл тургундары катышты.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов жаңы имарат 275 орунга ылайыкташтырылгандыгын белгиледи.