Залина Уметалиева төрөт учурунда комага түшүп калган. Андан кийин башына операция жасалып, учурда үйүндө багылып жатат.
Ал 1983-жылы 26-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айылында төрөлгөн.
«Мектепти аяктагандан кийин тигүүчүлүк боюнча билим алып, иштеп жүрдү. 2003-жылы турмушка чыккан. Бирок, тилекке каршы 3 балалуу болгондон кийин мамилелери келишпей ажырашып кетишкен. Кийин кайра турмуш курду. Төртүнчү баласын жарыкка алып келем деп ушу абалга түштү. Боюнда барда эч кыйналган жок. Болгону каны аз эле.
2018-жылдын 14-ноябрь күнү Кант шаардык төрөт үйүнөн Бишкектеги №5 төрөт үйүнө которулган. Ал жактан толгоону тездетип чакыруучу дарыны 3 жолу беришиптир. Төрөт башталган учурда жолдошу жанында болгон. Биз кийин жолдошунан «колуна тонометр койду беле?» десек, «эч нерсе кылышкан эмес, ыйын деп ичин кармалап жатышкан» деди. Тили булдуруктап, сүйлөй албай баштаган экен. Анда да болбой эле төрөт кабыл алууну уланта беришкен. Качан гана башы «шалк» дей түшкөндө, дарыгерлер дүрбөлөӊгө түшүп калышкан экен. Ортодо жүрөгү токтоп калып, кайра иштетишкен экен. «Ошол жүрөк токтоп калганда мээге аба келбей, мээ өлүп калган» дешти. Ал эми баланы колдору менен сыгып алып, аман алып калышкан. Бирок жатынынан кан кетип, аны операция жолу менен алышкан», - дешти туугандары.