Жол кырсыкка учураган жигиттердин видеосу

turmush
Скачать
Просмотров: 104918
 
Опубликовано 11 Ноября 2019, 18:33

Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымында жол кырсыгы катталып, 4 адам мерт кетти. Алардын арасында маркум төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу да болгон.

Кочкор РИИБ берген маалыматка караганда, 2019-жылдын 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү саат 00:45 чамасында Кочкор РИИБдин ЖКККБнын кызматкери нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу "Кочкор—Балыкчы автожолунда эки автоунаа сүзүшүп, жол кырсыгына учураптыр" деп билдирген. Окуя болгон жерге бөлүмдүн ыкчам тергөө тобу чыгып, буларды аныкташкан: 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында 1976-жылы туулган И.М. «Норд Бенц» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Балыкчы шаарына бара жаткан. Ал Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымына келгенде карама-каршы келе жаткан «Субару Импреза» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен «Субару Импреза» унаасынын айдоочусу А.у.Ж., жүргүнчүлөр — Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын 2000-жылы тургуну Ж.у.К., 1993-жылы туулган К.А. жана 25-30 чамасындагы аял киши (өздүгү тактала элек) окуя болгон жерден каза болгон. Дагы бир жүргүнчү — Ош облусунун Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган тургуну А.Ы. денесинен оор жаракат алып, Кочкор райондук аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Социалдык түйүндөргө кырсыкка учураган унаадагы жаштардын Ысык-Көлгө бара жаткан учурундагы сүрөттөрү жана видеолору жарыяланган.