Ак-Талаада кандуу репрессияда ак жеринен атылган коомдук ишмерлер жана тарых инсандары эскерилди

turmush
Скачать
Просмотров: 527
 
Опубликовано 10 Ноября 2019, 02:06

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда тарых жана ата-бабалар күнү белгиленип, ак жеринен атылган жана тарыхый инсандарды эскерүү кечеси өткөрүлгөндүгүн райадминистрациянын адиси Элмира Токтогулова аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, 6-ноябрь күнү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү райондук Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепканада, Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейинде жана тарых музейинде өткөрүлүп, ага катышкан райондун бийлик өкүлдөрү баштаган бир катар мекеме-ишкана кызматкерлери катышты.
Күндүн жүрүшүндө Ак-Талаа жергесинен чыккан Хан Шырдакбек, Тайлак баатыр, Осмон датка, алп Тобок, Бүргө баатыр, Ак Мөөр, ал эми акын-жазуучулардан Тоголок Молдо, Муса Баетов, Жаманкара уулу Музооке, Шүкүрбек Бейшеналиев жана башкалар туурасында кеңири баяндама жасаса, ошондой эле 1937-1938-жылдары кандуу репрессияда ак жеринен атылган Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Нуркул Кулназаров, Мааданбек Барашов баштаган бир катар кыргыз элинин көрүнүктүү коомдук ишмерлеринин эмгектерине токтолду. Андан сырткары, кыргыз тарыхындагы болуп өткөн орчундуу тарыхый окуялар туурасында дагы баяндама жасалды.
Ал эми тарых музейинин директору Мыктыбек Апиловдун баяндамасынын негизинде райондук кинодирекциясынын кызматкери Самат Саякбаев тарабынан тасма-баяндама көрсөтүлдү. Ошондой эле, Нуркул Кулназаров атындагы китепкана тарабынан сүрөт жана китеп көргөзмөсү уюштурулду.