СҮРӨТ- Ак-Талаа районунда токойчулардын кесиптик күнү белгиленди.

turmush
Скачать
Просмотров: 531
 
Опубликовано 11 Октября 2019, 17:26

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда токойчулардын кесиптик күнү белгиленип, бир катар токойчулар сыйланышты. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 11-октябрь күнү токойчулардын кесиптик күнү белгиленип, кесип ээлерин акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, райондук токой чарбасынын жетекчиси Рысбек Каналиев, Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Таалай Абдраев жана бир катар мекеме-ишкана жетекчилери куттуктоолорун жолдошту.
Кесип ээлерин сыйлоо аземи тойканалардын биринде сый дасторкондун үстүндө белгиленип, аларга ырчы Казыбек Элетенов, Эдил Нурак уулу жагымдуу ырларды тартуулашты.

Салтанаттуу кеченин жүрүшүндө төмөндөгү кесип ээлери сыйланышты.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациянын ардак грамотасы;

Нурлан Сааданбаев, Ак-Тал токой бөлүмүнүн башчысы,
Сонунбүбү Кулманбетова, токой чарбанын жумушчусу.

Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн "Токой чарбанын 20 жылдык" төш белгиси менен;

Жылдызбек Чылабаев, райондук токой чарбанын токойчусу,
Дамирбек Акматов, райондук токой чарбанын токойчусу,
Эмилбек Карагулов, Куртка бөлүмүнүн токойчусу.

Ардак грамотасы менен;

Карганбек Чукуев, райондук токой чарбанын токойчусу,
Болотбек Садыров, Ак-Тал токой бөлүмүнүн башчысы,
Осмон Нурманбетов, токойчу,
Турдаалы Мамбетказиев, райондук токой чарбанын механизатору.

Ак-Талаа райондук токой чарбасынын ардак грамотасы менен;

Эркинбек Карачов, Кош-Дөбө токой бөлүмүнүн токойчусу,
Талантбек Чекиров, Куртка токой бөлүмүнүн токойчусу,
Майрамбек Акматалиев, Ак-Тал токой бөлүмүнүн токойчусу,
Түгөлбай Конокбаев, райондук токой чарбанын айдоочусу.

Ыраазычылык кат менен;

Талантбек Далбаев, Кош-Дөбө токой бөлүмүнүн жайытын пайдалануучу,
Талантбек Жусупов, Куртка токой бөлүмүнүн жайытын пайдалануучу,
Талант Бектурганов, Ак-Тал токой бөлүмүнүн жайытын пайдалануучу,
Акылбек Бексултанов, жеке ишкер.

Андан сырткары, токойчулардын кесиптик күнүнө арналган волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү;

1-орунду райондук токой чарбанын аппарат командасы камсыздап, кубок, диплом жана 2000 сом,
2-орунду ээлеген Куртка токой бөлүмү 1 500 сом жана диплом,
3-орунду багынткан Кош-Дөбө токой бөлүмү 1000 сом жана диплом менен сыйланышты.

"Мыкты оюнчу" номинациясы менен;

Жылдызбек Чылабаев, токойчу,
Манасбек Акматов, токойчу,
Искендер Шайыков, токойчу,
Бообек Белеков, токойчу, диплом жана 200 сом менен сыйланышты.