Баткенде кыргыз-өзбек чек арачыларынын тактикалык машыгуусу өтүп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 586
 
Опубликовано 10 Октября 2019, 16:23

Бүгүн, 10-октябрда Баткен районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы тилкеде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын биргелешкен тактикалык машыгуусу уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, машыгуу 2 этап менен өттү. Биринчи этабында тараптардын чек ара бирикмелери куралдуу басып кирүүгө каршы биргелешкен иш-аракеттерди уюштуруу боюнча өз аракеттерди көрүштү. Экинчи этапта шарттуу душмандын куралдуу басып киришине каршы аракеттерди жүргүзүштү.

Иш-чарага Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы штабдын башчысы Абдикарим Алимбаев, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин кол башчысы, генерал-майор Руслан Мирзаев катышты. Кыргыз тараптан машыгууга Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын «Бөрү» атайын даярдыктагы отряддарынын аскерлери, ИИМдин жана ӨКМдин өкүлдөрү тартылды. Машыгуунун жүрүшүндө кыргыз жана өзбек чек арачылары коркунучтарга каршы туруу боюнча аракеттерине жогорку баа берилди.