Бүгүн, 9-октябрда Манас районунун Покровка айылында кичи футбол аянтча ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Райондун Акими Бектен Дүйшөбаевдин айтымында, футбол аянтчага Талас өнүктүрүү фондунан 2 млн 800 миң сом бөлүнгөн. Ачылыш аземге бир катар жетекчилер, айыл тургундары жана аксакалдар катышты. Анын алкагында футбол боюнча мелдеш уюштурулду.