Баетовдогу мектепте композитор К.Молдобасановдун 90 жылдыгыбелгиленди.

turmush
Скачать
Просмотров: 362
 
Опубликовано 9 Октября 2019, 17:19

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 9-октябрь күнү Баетов айылындагы Дербишкан Ажиев атындагы айылдык клубда композитор К.Молдобасановдун 90 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, мектеп директору Венера Мырзалымбекова, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Салтанаттуу кеченин жүрүшүндө улуу композитор туурасында окуучулар тарабынан даярдалган чакан сахналаштырылган сценкалар көргөзүлдү. Ошондой эле композиторго таандык музыкалык чыгармалар жаңырып, бийлер аткарылып, көркөм окуулар орун алды.