арын шаарында топурак алдында калган 29 жаштагы жумушчунун абалы туруктуу. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кубан Борсокеев билдирди.
Анын айтымында, аталган жигит кырсыктан катуу коркуп, стресс алган.
«3-октябрда «Нарын суу канал» ишканасынын сантехниги биздин бөлүмгө келип түшкөн. Бейтаптын абалы туруктуу. Сынык-жаракат алган эмес. Бирок денеси ооруп калган. Азыр «ийиним, белим ооруп жатат» деп айтууда. Денеси ылай болуп келгендиктен жуунтуп жаткырдык. Азыр улам-улам карап жатабыз. Невролог-дарыгерин дагы чакыртып көрсөттүк. Мындай кырсыктап келгендерди амбулатордук кароодон өткөрүп, үйүнө эле чыгарчубуз. Ал эми бул бейтаптын абалын эске алып, 2 күнгө чейин ден соолугун карамай болдук», - деди ал.