Улуттук көчмөндөр оюндары: Таласта 3 күн «Манас» айтылат

turmush
Скачать
Просмотров: 78
 
Опубликовано 20 Сентября 2019, 19:23

Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында 3 күндүк «Манас» айтуу иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу «Манас Ордо» комплексинин манасчысы Камил Мамадалиев билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча 25ке жакын манасчы бар.
«Арабызда бир нече манасчы шарттарына байланыштуу келе алышкан жок. 3 күндүк «Манас» айтуу демилгесин маданият министрлиги колдоп, демөөрчүлүк кылып бизге жылкы союп, тамак-аш, жатакана даярдап берди», - деди ал.