Улуттук көчмөндөр оюндары: Сабира апа 5000 долларга бааланган боз үй көтөрдү

turmush
Скачать
Просмотров: 1482
 
Опубликовано 20 Сентября 2019, 19:14

Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарындагы көргөзмөгө Талас районунун Көк-Кашат айылынын 83 жаштагы тургуну Рысалиев Сабира апанын 5000 долларлык боз үйү коюлду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Сабира апанын айтымында, бул боз үй 8 канат.
«Бул боз үй 1 жыл дегенде даяр болду. Былтыр Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында боз үйүм 1-орунду алган. Көп өтпөй эле ал боз үйүм 5000 долларга сатылды. Быйыл дагы Улуттук көчмөндөр оюндарына боз үй тургуздук. Жасалышы абдан кыйын. Баары сапаттуу материалдардан жасалды», - деди апа.