Улуттук көчмөндөр оюндары: Тогуз-торолуктар 200дөн ашык улуттук тамактарды жасап келишти

turmush
Скачать
Просмотров: 394
 
Опубликовано 19 Сентября 2019, 17:14

Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында Жалал-Абад облусунун атынан сынакка катышкан боз үй тааныштырылды.
Чебер айым Мавлюда Азимова аталган хан өргө кылдаттык менен жасалгандыгын белгиледи.

Ошондой эле Көчмөндөр оюндарына Тогуз-Торо районунан унутта калып бара жаткан 200дөн ашык улуттук тамактар жасалып келинген.
«Бул тамактар унутта калып бара жаткан даамдар. Мурун ата-бабаларыбыз күлазык кылып, энелерибиз анын түрлөп кылганды билишкен. Бүгүн улуттук тамактарды көрсөтүү үчүн атайын биздин райондон келип олтурабыз», - деди тогуз-торолуктар.


Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рысбек Ызабековдун айтымында, Таласка Жалал-Абаддан 400гө жакын адам келди.
«Бүгүн, 19-сентябрь күнү маданий иш-чаралар башталып, Саймалуу-Таш аймагы жана Нооруз майрамы боюнча сахналаштырылган көргөзмө коюлду. 7 боз үй тигилип, анын бири боз үйдү тез чечүү боюнча сынакка, экинчиси кооздук жасалгасы боюнча сынакка даярдалды. 60ка жакын спортчубуз, 10 түрдөгү спорттук оюндарга катышууда», - деди ал.