Ак-Талаада милициянын ардагерлери медициналык кароодон өткөрүлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 271
 
Опубликовано 19 Сентября 2019, 14:15

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө милиция ардагерлеринин саламаттыгы текшерилди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 19-сентябрь күнү Нарын облусттук ички иштер медицинасынын дарыгерлери райондук ички иштер бөлүмүндө милиция ардагерлерин, айрымдарынын үй-бүлө мүчөлөрүн жана бир катар милиция кызматкерлеринин саламаттыгын текшеришти.
"Ички иштер министрлигинин быйылкы жылы чыгарылган буйругунун негизинде атайын график түзүп алып милиция ардагерлерин медициналык кароодон өткөрүп жатабыз. Ал үчүн невропатолог, кулак-мурун дарыгери, көз дарыгери, терапевт, психолог келди. Ошондой эле кант оорусуна карата атайын медициналык аппарат ала келип текшерүүдөн өткөрдүк. Андан сырткары, ооруган ардагерлер болсо бекер дарыланууга жолдомо алууга кеп-кеңештерибизди айтып, өзүбүз кошо ала келген дары-дармектерди бердик", - деди Нарын облусттук ички иштер медицина кызматынын амбуляторунун башчысы Зина Кадырова.