"Көмүр кендеги көйгөйлөр"

turmush
Скачать
Просмотров: 8312
 
Опубликовано 18 Сентября 2019, 13:50

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагындагы «Турук» көмүр кениндеги 2019-2020-жылдын кыш мезгилине карата элди жана бюджеттик мекеме-ишканаларды көмүр отуну менен камсыздоо боюнча көчмө штаб өткөрүлдү. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 17-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Ак-Талаа районуна иш сапары менен келип, аталган көмүр кенинде кыш мезгилине карата даярдыктар туурасында көчмө штаб өткөрдү. Көчсө штабга район акимдери, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, Ак-Чий айылдык кеңештин депутаттары жана көмүр казып жаткан ишканалардын жетекчилери катышты.
Алгач, штабга чогулгандар карьердин үстүнө чыгышып, көмүр казуу иштери менен таанышып чыгышты. Андан соң, штабда эки тараптуу сүйлөшүүлөр, элди жана бюджеттик мекеме-ишканаларды көмүр отуну менен камсыздоо маселелери талкууланды. Антсе да, көмүр кениндеги бир катар көйгөйлөр, талаш-тартыш маселелер ортого салынды.
Учурда «Сардар», «Турук майнинг», «Ырыс кен» жана «Кенч Строй» ишканалары көмүр казууга жана сатууга лицензия алышкандыгы маалым болду. Ал эми «Сардар» жана «Турук майнинг» ишканалары тазалоо жумуштарын гана жүргүзүп жатышкан болсо, «Ырыс кен» жана «Кенч Строй» ишканалары тазалоо жумуштарын аяктап, көмүр берүүгө даяр экендиги аныкталды. Ошондой эле «Турук майнинг» ишканасы тарабынан чоң тараза коюлган.

Көмүр кендеги көйгөйлөр;

Эң негизги көйгөй көмүр казып жаткан ишканалардын ортосунда карьерге чыга турчу жалгыз жол талашка түшүп, ал жолду «Сардар» ишканасы башка ишканалардын пайдалануусуна бербей, натыйжада көмүр берүүгө даяр болуп калган ишканалар көмүр бере албай жаткандыгы айтылды. Бирок, буга жооп кылып «Сардар» ЖЧКсынын директору Камчыбек Жолдошбаев жалгыз жолду кен ачылганда өзү салдырткандыгын, ал эми кендин аркы тарабында «Кенч Строй» ишканасы тарабынан дагы бир жол салынып келе жатып токтоп калгандыгын, берки ишканалар биригип ошол жолду салып бүтүрүүлөрүн айтты. Ал жол салынып калса, талашка түшүп жаткан жол аркылуу көмүр таркан унаалар карьерге чыгып, көмкрүн жүктөп алып аркы жол аркылуу айланып түшүп кетишмек деген пикирин билдирди. Ал эми «Ырыс кен» жана «Кенч Строй» ишканасынын директору Нурмухаммед Миңбаев аталган жолду салууга быйыл кеч болуп калгандыгын, келерки жылы салып бүтүрүшөрүн билдирип, быйылкы жылы жалгыз жолду ынтымакта бирге пайдаланып элге эртелеп көмүр жеткирүү зарыл экенин белгилеп өттү.
Андан сырткары облус башчысы Э.Алымкулов көмүр тартуу иштери 1 айга кечеңдеп калгандыгын, күн сууктап, кар жаап жиберсе «Турук» көмүр кени жабылып каларын, учурда убакыт абдан тар экендигин, урушпай-талашпай ынтымакта гана көйгөйлөрдү чечип, көмүр тартуу иштерин эртелетүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле, ишканаларды салыктарын, соцпакеттерин өз убагында төлөп турууларын, тартип жагын кароо үчүн 10 милиция кызматкер жана салык инпектору коюларын, экологиялык талаптарды так аткарып иш алып барууларын баса белгилеп өттү.
Ал эми Ак-Чий айылдык кеңештин депутаттары кенге келе жаткан Жаман-Даван жолун оңдолушун жана ал жолго шагыл төгүп, бир жол менен каттоону жүргүзүүнү, антпесе жайыт жерлер жолго айланып калгандыгын, көмүр тарткан айдоочулар жолдун начардыгынан улам кыйналышарын айтышты. Мындан тышкары, соцпакеттерди өз убагында төлөп берүүлөрүн көмүр казган ишканалардан талап кылышуу менен бирге эле «Сардар» ишканасы лицензия ала электе эле бир нече жолу көмүр тарткандыгын айтып чыгышты жана К.Жолдошбаевди Ак-Чий эли менен келип жолугуусун талап кылышты.
Баса белгилеп кетчү жагдай, тазалоо жумуштарын аткарып жаткан ишканалар 15 күндөн кийин көмүр ачылып, тартылып бериле башташарын убада беришти.