Лейлектин Арка айылындагы чек арада чыр чыгып, асманга ок атылды

turmush
Скачать
Просмотров: 6209
 
Опубликовано 24 Августа 2019, 20:56

Бүгүн, 24-августта Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылындагы чек арада кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуя саат 16:30 чамасында кыргыз тараптын май куюучу жайында болгон. Май куюучу жайдын четин дубал менен тосуу иштери жүрүп жаткан учурда 20га жакын тажик жарандары келип, аны бузууну талап кылышкан. Пикир келишпестик учурунда тажикстандыктар өздөрүнүн аймагына кыргыз тараптын аймактык милиционерин сүйрөп алып кирип кетишкен. Абалды тынчтандыруу үчүн кыргыз тараптан асманга ок атылган. Тажик тарап милиционерди 15-20 мүнөттөн кийин өткөрүп беришти.

Учурда абал тынч. Чек арачылар, укук коргоо кызматкерлери иш алып барып жатат.