Лейлек районунун тургуну Дилшод Кодиров бир нече жылдан бери асыл тукум мал багып келе жатат. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, чарбасында 350 баш кой болсо, анын ичинен 176 башы асыл тукум афган койлор. Буга катар эле Россиядан ар бири 10 миң долларга алынып келинген асыл тукум жылкы, уй, букалар багылат. Жакында 13 миң долларга Орлов породасындагы таскактуу аттарды алып келди. Бир эле аттын 1 жылдык чөбүнө 120 миң сом кетет. Учурда чарбасында 10 жылкы, сүт багытында 15 уй, эт батыгындагы 10 бука багылууда. Чарба 20 жылдан бери жылына 1 млн сомдон жогору киреше табат.
Койлору 130-140 кг эт берет. Койлордун жүнү кыркууга болбойт. Убагы келгенде өзү түлөп түшүп калат. Азыркы учурда асыл тукум койлорду алууну каалагандар көп. Жакында эле Жалал-Абад шаарына ар бирин 25 миң сомдон баалап бир нече кой сатты. Афган породасындагы койлор Кара-Кулжага, Бишкекке да сатылууда.