Кочкордо сыноо катары айдалган жүгөрү

turmush
Скачать
Просмотров: 402
 
Опубликовано 23 Августа 2019, 18:25

Кочкор районунда сыноо катары айдалган жүгөрү жакшы өсүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рахат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, Кочкордун Сары-Чат учаскасына 15 гектар жерге эксперимент катары жүгөрү айдалган.
«Жүгөрү уйларга  силос даярдоо максатында айдалган. Буюрса жүгөрү талаасында өсүшү жакшы. Күзүндө жыйынтыгын көрөбүз. Эгер түшүмү жакшы болсо жүгөрү айдоону  башка айылдарга да жайылтуу жагын ойлонуп жатабыз», - деди ал.