Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушу тарабындагы айланма жолдун жээгинде жакын арадан бери «сырдуу» фонтан орнотулуп, иштеп жатат. Ал ошол жердеги тамактануучу жайлардын бирине таандык, деп билдирди аймактык кабарчы.
Суу чоргосу абада калкып тургандай көрүнөт. Андан суу тынбай агып жатат. Ары-бери өткөндөр фонтандын жанынан сүрөткө түшүшүүдө.