6 айда Исфана шаарына 111 млн сомдук инвестиция тартылды

turmush
Скачать
Просмотров: 85
 
Опубликовано 22 Августа 2019, 10:44

Быйыл 6 айдын ичинде Исфана шаарына 111 млн сомдук инвестиция тартылды. Бул тууралуу шаар мэри Абдибали Хамраев билдирди.

Анын айтымында, шаардагы ишкерчилик борборунда 2 ун завод, 2 үрөн тазалоочу цех, пескоблок чыгара турган жай иштеп жатат. Жалпысынан 15 адам эмгектенип жатат.

«Айлыктары 15-10 миң сом. Биз жыл бою иштейбиз, эс алуу жок. Мисалы күнүнө 10-20 тоннага чейин буудайды кайра иштетип жатабыз. Быйыл элдин 100 тоннага жакын буудайын, арпасын тазалап бердик», - деди аталган борбордун жетекчиси Нурлан Жоробаев.

Бул жерде күнүнө 10 тоннага жакын ун, 100гө жакын пескоблок чыгарууга болот. Быйыл Исфанада бул сыяктуу 15ке чукул ишкана ачылып, 45 жумуш орун түзүлдү. Исфана шаарында быйыл 4140 гектар жерге кылкандуу дан эгилген. Анын ичинен 2125 гектары буудай. Бүгүнкү күндө 7942 тонна дан өндүрүлдү. Анын 4300 тоннасы буудай.