Баткенде миграцияга кеткен адамдардын балдарынын укуктары жөнүндө маселе көтөрүлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 83
 
Опубликовано 21 Августа 2019, 14:04

Баткен облусунда чет өлкөлө иштеп кеткен ата-энелердин балдары айрым учурларда корголбой, зомбулуктарга кабылып калып жатат.
Баткен РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын ага инспектору Мундуз Үсөнованын айтымында, 2019-жылдын 6 айында жашы 18ге жете элек өспүрүмдөрдүн катыштыгы менен болгон кылмыш жана укук бузуулардын саны 21ге жеткен. Анын негизинде 10 өспүрүм милициянын тизмесине алынган. Өспүрүмдөр арасында кылмыштын көп катталуусу ата-энелер тарабынан балдарга болгон көзөмөлдүн начардыгынан болууда.

Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси Салтанат Акматова Баткенде мигранттардыын балдарынын укуктары турсун, мигрантар менен иштешкен органдын өзү жок экендигин айтты. Чет жакка кеткендердин балдарынын Конституцияда жазылган укуктары бузулуп жатат.


Серепчилердин айтымында, Баткен облусунда 20 миңден ашуун адам сырткы миграцияда жүрөт. Анын 13 миңдейи бала-чакаларын жакындарына убактылуу таштап кеткен. Бирок бул сандар 2-3 эсе көп болушу мүмкүн. Анткени мигрантардын баары эле каттоодон өтө бербейт.