«Кылмышкерди кармоо үчүн кетип 12 күн жоголгон милиционер»: Жубайы окуянын чоо-жайын айтты

turmush
Скачать
Просмотров: 4167
 
Опубликовано 18 Июля 2019, 15:44

Бүгүн 18-июлда Талас РИИБде милициянын 10 ардагеринин жубайларына «Офицердин жубайы» төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сыйлык алгандардын бири Зыйнат Рыскулбекованын айтымында, милиционердин жубайы болуу өтө оор.

«Милиция кызматкерлеринин түйшүгү оор. Ал кишинин жубайы болуу чыдамкайлыкты талап кылат. Жумуштарында так убакыт жок, чакырганда тез арада кетип калат. Күндөп-түндөп иштешет. Аны түшүнүп, балдарды өзүң тарбиялап, кошо жардамдашып, жумушуна дагы кошо жардамдашып жашаш керек.

Менин жолдошум Талас районунун Көк-Ой айылынын тургуну Жамгырчиев Таласбек 28 жыл ички иштер бөлүмүндө иштеди. Экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 37 жыл болду. 2 кыз, 1 уулду болдук. Жолдошум иштеген убакта мындай шарттар жок болчу. Телефон жок, кетип калса кудайдан суранып аман келсе экен деп эле отурчубуз. Биз майрамды да билбей калдык. Майрамдарда такай иштеп кетчү. Биз майрамдан мурун же кийин барып, балдар менен чогуу майрам кылчубуз.
Бир окуя эсимде. Ошондо Талас ОИИБди Феликс Кулов жетектеп тургана кез эле. Жолдошум кылмыш иликтөөдө иштечү. Бирөөнү кармап келем деп 12 күн жок болду. Же ал кезде телефон жок, дайыны жок кетти. Байкушум 12 күндөн кийин жүдөп, кир болуп келди. Ыйлап, көпкө чейин коё бербей ыйлап тосуп алганым эсимде», - деди ал.