Жаш талант: Рубиктин кубиги ылдамдыкта чогулткан Азизжон билгенин кошуналарына да үйрөтүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 734
 
Опубликовано 18 Июля 2019, 14:34

Лейлек районунун Андарак айылынын 13 жаштагы тургуну Азизжон Эргашов 2 жылдан бери Рубиктин кубигин (кубик рубик) чогултуу менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, кубиктерди эң ылдам чогултканы 26 секунд болгон.

«Эң алгач сыналгыдан мен курактагы балдардын кубик чогултуп, элди таң калтырып жатканын көрүп, менде дагы кызыгуу пайда болду. Ата-энеме «мага кубик сатып бергиле» деп суранып, 2 жылдан бери кубик чогултуп келем. Алгач кубикти чогултуунун ар кандай ыкмаларын интернеттен көрүп үйрөнө баштагам. Өзүм бардык жолун өздөштүрүп алган соң тез убакытаа чогулта баштадым», - деди ал.

Ал эми Азизжондун апасы Мунавар Эргашова баласы 7-класста окуй тургандыгын айтты.

«Алгач атасы экөөбүз балабызга кубик сатып бергенибизде анча деле маани берген эмес болчубуз. Азыр анын ийгиликтери бизди кубантып келет. Балабыз учурда 7-класста окуйт. Сабактарынын баары 5. Кубик чогултканды үйрөт деп көп теңтуштары, кошуналардын балдары келет. Эринбестен баарына үйрөтөт. Азизжондан башка 4 балабыз бар. Алар да кубик чогултканды үйрөнүп жатышат», - деди ал.