Баткендин Исфана шаарында милициянын заманбап участкалык пункту ачылды

turmush
Скачать
Просмотров: 165
 
Опубликовано 17 Июля 2019, 18:41

Бүгүн, 17-июлда Лейлек районунун Исфана шаарында оңдоодон өткөн милициянын участкалык пункту ачылды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул жерде мындан ары 1 милиция кызматкери үй-бүлөсү менен жашап кызмат өтөйт. Мекеменин аянты 3 сотых, имарат 8 бөлмөлүү. Анда милициянын кызматтык бөлмөсү, ашкана, мейманкана, жатакана, эс алуу бөлмө, жуунучу жай, буюм сактоочу жай каралган. Оңдоо иштерине Исфананын мэриясы 140 миң сом бөлүп берген.
Мекеменин ачылыш аземине ички иштер министринин Алмазбек Орозалиев, Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиев, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.