Солтон-Сарыдагы нааразычылык

turmush
Скачать
Просмотров: 1058
 
Опубликовано 17 Июля 2019, 17:08

Нарын облусунун Солтон-Сары алтын кенинде алтын кенин иштетүүдө чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан кытай компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн жергиликтүү эл чогулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн 17-июль күнү Солтон-Сары жайлоосуна өкмөттүк комиссия, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч органдарынын башчылары келишти. Алгач келген комиссия “Jhong ji Mining” компаниясына жергиликтүү эл тарабынан коюлуп жаткан маселелердин чын калптын териштирүү үчүн аталган компанияга барышты. Андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүштү. Жергиликтүү тургундар алтын кендин пайдасынан зыяны көп экенин, жайлоо талкаланып таза суу булганып жатканын билдиришти. Алар менен жолугушуп жаткан өкмөт өкүлү Аманбай Кайыпов буга чейин өлгөн малдардын анализи чыгып жатканын, бүгүнкү келген комиссия тарабынан баардыгы көзөмөлгө алынып суунун анализи алынганын билдирип элди тынчтандырууга аракет кылууда. Жергиликтүү тургундар алтын кендин жабылышын талап кылышууда. Учурда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө