Айыл турмушу: Баткендик С.Асанов аары багып, тажикстандыктарга чейин бал сатат

turmush
Скачать
Просмотров: 455
 
Опубликовано 16 Июля 2019, 16:22

Баткен шаарынын 62 жаштагы тургуну Сабыржан Асанов 10 жылдан бери аары багып, бал сатып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, өндүргөн балын тажикстандыктар дагы алып кетет.
«10 жылдан бери балчылык менен алектенип келем. Бүгүнкү күндө 20дан ашык бал челегим бар. Алдыда бал челектердин санын 50гң жеткирүүнү пландап жатам. Жылына 500 литрге чейин бал алабыз. Бир бал челектен 2-3 жолу бал чогултабыз. Баткендин абасы ысык болгондуктан гүлдөр бат эле куурап калат. Бирок күндүн нуруна жакшы бышкан гүлдөрдөн чогултулган балдын дарылык касиети, пайдалуулугу жогору. Кошуна Тажикстандан да жыл сайын балып алып жүргөн кардарларым бар. Алар келип алып кетишет. Андан сырткары тааныштар аркылуу Баткенге келген арабдар менен сүйлөшүп жатабыз. Оюбуз ишке ашып калса арабдарга да экспорттойбуз. Бир бал челектен бир алганда 20 литрге чейин бал алабыз.
Аары багууну кааласан анда биринчиден тазалыкты сактоо керек. Анткени аарылар тазалыкты жактырат. Ар кандай илдеттердин алдын алып, эмдөө жүргүзүп туруу зарыл. Канчалык тынч, бал чогултууга ыңгайлуу жер болсо аарылар ошончолук жакшы иштеп, балды жакшы чогултат. Жыл сайын бал челектерди Суу-Башы жайлоосун алып чыгам. Бизде гүлдор бат эле куурап калгандыктан эрте эле үйгө кыштоого алып келебиз. Акыркы чогулткан балды албайм. Кышы менен ошол балды азыктанып чыгышат», - деди ал.
Балчы 3 баланын атасы.