Жаш талант: 14 жаштагы Темирлан чет өлкөлөргө чейин барып эр таймаштарга чыгууда

turmush
Скачать
Просмотров: 306
 
Опубликовано 16 Июля 2019, 16:01

Талас шаарынын 14 жаштагы тургуну Темирлан Табылдиев Москвада өтө турган эр таймашка даярданып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл 8-класска көчүп жатат.

«Спортко Аким Токонов деген агамдын аркасы менен катышып калгам. Өзүм бокс, эр таймаш, ушу менен машыгам. Спорт менен алектенгениме 2 жылдан ашты. Акыркы 1 жылдан бери залга барып машыгып, ар кандай мелдештерге катышып келем. Спортко катышып калышыма атам каршы болгон эмес. Апам алигиче каршы. 2017-жылы Таласта болуп өткөн эр таймашта 3-орунду алгам.
Андан кийин Кара-Суу айылында болгон мелдештен 1-орун болгом. 2019-жылы Бишкектеши мелдештен 1-орун болгом. Ошол эле жылы дагы мелдеш өткөрүлүп, 1-орунду алгандар Италиядагы мелдешке жолдомо алмак. Мен 1-орун болуп, тилекке каршы бара албай калдым. Быйыл Казакстанга 3 жолу мелдешке барып катышып келдим. биринчи барганымда эрежесиз эр таймашта 1-орун болгом. Андан кийин 2-орун болдум. Учурда 14 диплом, 10 медальдын ээсимин.

Ушул жылы сентябрда спорт мектебине барам. 27-июлда Москвада эр таймаш боюнча мелдеш өтөт. Азыр Москвага барганга даярданып жатам», - деди ал.