Баткенде чоң унаа өрттөнүп, ага жүктөлгөн жылкылар куткарылды

turmush
Скачать
Просмотров: 1840
 
Опубликовано 14 Июня 2019, 15:44

Бүгүн, 14-июнда Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында жүк ташуучу «Мерседец Бенц» үлгүсүндөгү унаа өрттөндү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык саат 11:10 чамасында Кулунду—Максат унаа жолунун 4-чакырымында болгон. Унааны өрттөнүшү маалымат түшөр менен саат 11:14дө куткаруучулар жерине чыгып кетишкен. Саат 11:50 чамасында өрт толук өчүрүлгөн. Кырсыктын адам өмүрүнө зыян болгон эмес. Унаанын жүк ташычуу жагынан 12 жылкы куткарылды. Жылкыларга эч кандай зыян келтирилген жок. Унаанын ээси К.Шүкүров экендиги такталды. Кырсык унаадагы токтордун кыска тутанышуусунан келип чыккан.