Баткенде кан тапшыруу боюнча акция өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 156
 
Опубликовано 14 Июня 2019, 13:49

Бүгүн, 14-июнда Баткен шаарында Бүткүл дүйнөлүк кан донору күнүнө карата «Коопсуз кан ар бирибиизге» аттуу акция өттү.
Баткен облустук кан куюу борборунун башчысы Айбек Акматовдун айтымында, акцияга Баткен облусундагы ыктыярдуу адамдар катышты. Иш-чара эртең мененки саат 9:00дон баштап 13:00го чейин өтүп, жалпысынан 40ка жакын адам кан тапшырды.
Бүгүнкү күндө облус аймагында донорлордун саны 900гө жакын. Кан куюу борборунда 1-2-3-4-топтогу 20 литр кан сакталып турат. Ал эми кандын суюк бөлүгү (плазма) 40 литрге жетет.
«Бизде жол кырсыгынан же башка оорудан улам канга муктаж адамдарды кан менен камсыздоого толугу менен шарт бар. Бирок кээ бир учурларда 1 эле адамга 7 литрге чейин кан куюлган учурлар болот. Мындай учурдан 2-3 катталса эле биздеги кан түгөнөн. Андыктан биз тизмеде турган донорлорду чакырып ошолордун каны менен оорулууга жардам берип келебиз. Дагы бир көйгөй Баткен облусу башка мамлекеттерге чек аралаш аймак болгондуктан кокустуктар болушу мүмкүн. Мына ошондуктан бизге донорлор керек», - деди ал.