Сейилкан уулу Муса комузчунун мүрзөсү жоголуп, топуракка айланып калды

turmush
Скачать
Просмотров: 2161
 
Опубликовано 23 Мая 2019, 09:32

Кадимки Ормонхандын небереси Сейилкан уулу Муса комузчунун мүрзөсү жоголуп, топуракка айланып калды. Аймактык кабарчы анын мүрзөсүндө болуп кайтты.

Түндүк кыргыздардын ханы Ормон көп балалуу болгон. Анын Кусубалды деген аялынан Үмөтаалы, Осмонаалы (лакап аты Чаргын), Аалы, Бакал, экинчи аялынан Үсөн, үчүнчү Уулбала деген казак аялынан Сейилкан деген уулдары болгон. Сейилкан кыргызга атагы чыккан белгилүү комузчу болгон. Ал Арстанбек Буйлаш уулу менен мелдешип комуз чертишкен. Сейилкандын Иса, Муса деген эки уулунун мүрзөсү Кочкор кыштагынын ичинде Бейшеева көчөсүнүн аягындагы эски мүрзөдө жер менен жер болуп тапталып жатат. Бул мүрзөлөрдү Исанын уулу Кудайберген санжыра иликтөөчү Кабылбек Жумабаевге 1990-жылдары көрсөтүп берген.

Муса Сейилкан уулу 1873-жылы Ысык-Көлдүн Корумду кыштагында туулган. Атасы Сейилкан белгилүү комузчу болгон үчүн, бала күнүнөн комуз чертип чоңойгон. Бир тууган таякеси болгон айтылуу Карамолдо Орозовдон да таалим алган. Анын чоң энеси Уулбала да таланттуу ырчы, ооз комуз черткен, ашкан сулуу айым болгон. 1910-жылдары Кочкорго келген. 1916-жылы Үркүндө Турпанга чейин барган. Ал жерде комуз чертип элди, жашоого шыктандырып, көңүлүн көтөрүп келген. 1917-жылы Кытайдан келгенден кийин, комузчулук менен оокат кылган. Совет өкмөтү орногондо Электр колхозундагы Электр атындагы орто мектепте мугалим болуп, 10-15тей балага комуз үйрөткөн. Алардын ичиндеЖоробек Акунов, Айдар Абдыжапаров мыкты комузчулардан болуп чыгышкан. 1936-1938- жылдары Фрунзеде (Бишкекте) өткөн эл чыгармачылыгынын республикалык 1-2-3-олимпиадаларына катышып, баш байгелерди жеңип алган. 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз исскуствосу менен адабиятынын он күндүк декадасына чакырылган. Кимдир бирөөлөр хандын тукуму деп койгондо, катыштырылбай тизмеден чийип ташташкан. Муса комузчу өз беттегенин бербеген, көк адам болгондуктан уруша кетип катышпай калган деген пикирлер бар. Бул декадага Сагынбай манасчынын уулу Амангул катышып, Калининдин колунан алтын саат алган. Согуш жылдарында андан кийин да райкомдордун тапшырмасы менен Кочкордо базар күндөрү комуз чертип турган. 1946-1947-жылдары филармонияда иштеген. Ал жерде да хандын тукуму болгондуктан узакка иштей алган эмес. 1947-жылы Кочкордогу Кара-Коо орто мектебинде комуздан сабак берип, Ж.Самаков, А.Бейшеев, Б.Өмүрова өңдүү ондогон таланттуу жаштарга өнөрүн үйрөткөн.

Муса Сейилкан уулу комуз черткенде буту менен бычакты кармап, комузду буту менен черткендиги тууралуу айтылып жүрөт. Ал»Сол моюн шыңгырама», «Кызыл чок», «Кербез», «Кер толгоо», «Абылай хандын арманы» аттуу элдик күүлөрдү черткен. Өзү болсо «Таш жалак», «Өткөн өмүр», «Абылайдын арманы» жана башка бир катар күүлөрдү чыгарган. Учурда «Таш жалак» деген күүсү чертилип жүрөт (Комузчу Элмира Курманалиева чертип жүрөт).

Дүйшөнбай, Жакыпбек, Жакып деген үч уулду болгон. Улуу баласы Дүйшөнбай Мусаев (1930-1986) филолог, чыгаан журналист болгон. «Нарын правдасы» гезитинде редактор болуп иштеген. Муса комузчу 1953-54-жылдары 80 жашында Кочкор кыштагында дүйнөдөн кайткан. Тилекке каршы сүрөтү сакталган эмес.  Сөөгү Кочкор кыштагынын четинде жайгашкан саздын жээгиндеги мүрзөгө коюлган. 1956-жылы агасы Иса кайтыш болуп, экөөнүн мүрзөсү жанаша коюлган. Бирок, мүрзөлөргө белги коюлган эмес. Бул мүрзөгө 1958-59-жылдан кийин сөөк коюлбай жабылгандыктан, айыл тургундары жайытка мал айдап өтүп, малдын туягынан мүрзө билинбей жер менен жексен болуп бара жатат. Мүрзөнүн үстүнө атайын белги же такта коюп койбосо билинбей калчудай.