Мүрзөдө атылган ок: Кыргыз-тажик чек арасындагы окуянын чоо-жайы

turmush
Скачать
Просмотров: 3184
 
Опубликовано 22 Мая 2019, 15:36

Баткен районунун Кара-Бак айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал көзөмөлдө турат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагындагы көрүстөнгө кечээ сөөгү коюлган баткендик адамдын тууган-уруктары куран окуп эскерүүгө келишкен. Ошол учурда Тажикстандын чек арачылары келип, алар кайым айтышуу орун алган. Кыргызстандын жарандары болсо Тажикстандын чек арачыларын ал жерден кетүүсүн талап кылышкан. Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу учурунда Кыргызстандын жарандары өз алдынча тажик чек арачылары жүргөн багытка аң каза башташкан. Өз учурунда тажик чек арачылары асманга эскертүү катары 1 ок атышты. Азыркы учурда Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланууда. Ошону менен бирге жергиликтүү жашоочуларга чек арачылар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алар болсо өз учурунда ал жерге бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылышууда. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Кыргыз чек арачылары кырдаалды көзөмөлдөп турушуат.

Эски-Мазар аймагындагы көрүстөн шарттуу түрдөгү мамлекеттик чек арадан 150 метр алыстыкта Тажикстандын аймагында жайгашкан.