Сагынуу үчүн жаралган өмүр: Бурулкан апаны кое бербей келе жаткан кусалыктар

turmush
Скачать
Просмотров: 224
 
Опубликовано 22 Мая 2019, 10:41

Кара-Буура районунун Маймак айылынын 61 жаштагы тургуну Бурулкан Нусубалиева ата-энесине болгон кусалыгы азыркыга чейин өчпөй көкүрөгүндө сакталып келе жатат. Аймактык кабарчы апанын тагдыры менен таанышты.

Балалыгым апамды сагынуу менен өттү

Өзүм Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын кызымын. Апам эркек бала төрөйм деп жүрүп 5 кыз төрөгөн экен. 2 эжем жана 2 сиңдим бар эле. Мен 2-классымда апабыздан ажырадык. Атам байкуш бизди өзү жалгыз чоңойттуп, ар бирибизди турмушка узатты. Кичинекей кезимден эле сезимтал кыз болуп чонойдум. Атам мени кор болуп калбасын деп Чалдовар жатак мектеп-интернатына окуткан. Ошол жактан билим алып чыккам. Атам өзү айылдын имамы, чоң молдо болгон. Ар бирибизди өзгөчө жакшы көрөр эле. Негедир мени аяп, өзүнө жакын алып чоңойтту. Апабыздан эрте айрылып атабызга ынак болуп чоңойдук.

Жолдошумду аскерге узатып, 2 жыл азап тартып күттүм

Ошентип жүрүп 18 жашка келгенде менде сүйүү сезими пайда болду. Бир бала менен таанышып, чеги менен сүйлөшүп жүрдүм. 1976-жылы туулган күнүнө үйүнө алып келип, келин кылып алып калышкан. Ал кезде жаш экенмин да эч нерсени ойлобой эле отуруп калгам. Баш кошконубузга 1 ай 15 күн болгондо жолдошум аскерге жөнөп кетти. Мен чоң кайын энем, өзүмдүн кайын энем бир кайын иним жана кайын сиңдим болуп жашап калдык. Ал убакта кайын энем тамекиде иштеп, пенсияга чыгайын деп калган учуру экен. Мен анын ордуна тамекиде иштеп жүрдүм.

Ошондогу жашоону сөз менен жеткире албайм. Жолдошумду 2 жыл аскерден күттүм. Күтүү мен үчүн аябай оор болду. Ошол эле убакта атамды сагынам, ыйлайм. Үйгө барып, атамды кучактап сагынычымды таратып келсем дечүмүн. Бирок менде андай болгон жок. Атам мага «Айылыңар бир башкача экен. Эртеңки күнү мени сагынып келсең артынан кандай гана сөз чыгарышат. Жаман сөздөр ээрчийт. Үйгө келбе, сагынсаң мен өзүм барып турам» деди. Анан өзү автобуска түшүп, таягын таянып мага ар нерсесин көтөрүп алып келип калчу. Кызым мени сагынып кыйналбасын деп сагынычымды таратып, 3-4 күн жатып, айылдагы жаңылыктардын баарын айтып берип кетчү эле. Атам келсе кадыресе жыргап, эркелеп, жанынан чыкпай калчумун. Жакшы сөздөрүн айтып, эркелетип кетчү. Турмушка чыкканда жолдошумду 2 жыл аскерден күтүп, жалгыз атамды сагынган күндөрүм жашоомдогу эң азап күндөрүмдүн бири болгон.

4 баланын энеси болдум

Жолдошум Жаныш 1978-жылы аскерден келди. Анан менде кандайдыр бир башкача жашоо башталды. Албетте түгөйүңдү күтүп жашоо оор. Бирок жанымда болгондо менден өткөн бактылуу адам жок болду. Экөөбүз бактылуу жашап, 3 уул, 1 кыздуу болдук. Ошондогу бири-бирибизге болгон сагынычыбызды, сүйүүбүздү, күтүүбүздү сезимдерибиз менен билдирип турдук. Мени ар дайым колдоп келет.

Ырга жакынмын

Бала кезимен ырга жакын болуп чоңойдум. Жаш кезимде жазган ырларым гезит бетине чыгып турчу. Эң алгач эле «Апама» деген ыр жазып чыгаргам. Анда апама болгон сагынычым, кусалыгым жазылган. Жаңы келин болуп тамекиде иштеп жүргөндө өзүм теңдүүлөөрдү чогултуп, элге концерт коюп бергенибиз эсимде. Айылга бир дагы жолу концерт коюп ырчылар келбеген экен. Биз коюп берген концертибизди көрүп, «чыныгы концерт көргөндөй болдук, аябай жакшы ырдап-бийледиңер» деп бизге аябай ыраазы болушкан.

Азыр айыл ичинде «Шайыр апалар» тобун түзүп, жетектеп келем. Майрамдык иш-чараларда ырдайм. Айыл ичиндеги маданият үйүн оңдоп-түздөп пайдаланууга бергенбиз. Ал жерде дагы менин мээнетим чоң роль ойнойт. Маданият үйүнүн жанынан өткөн сайын абалын көрүп жаным кейүүчү. Кайрылчу жерлерге кайрылып, чуркап жүрүп оңдотуп алдык. Азыр айыл ичиндеги таланттуулар чогулуп алып, иш-чараларды калбай өткөрүп турабыз.

Атамдан, бир туугандардымдан ажырадым

Жашоо деген ушул экен, апамдан кийин атамдан жана 3 бир тууганымдан ажырадым. Азыр экөөбүз элебиз. Менде ушундай бир сагыныч болот. Алардын жанында отуруп, сырдашып, кусалыгымдын таркаткым келет, бирок мүмкүн эмес. Сагынычымды, кусалыгымды, жан дүйнөмдүн бугун ыр менен чыгарам. Канчалык ырдаган сайын ошончолук жеңилдеп калам. Ошол үчүн ырдагандан ырахат алам. Эгер менде азыркыдай мүмкүнчүлүк болгондо ырчы болмокмун. Убагында атамдын каршылыгы менен бул ырчылык кесипке ээ болгон эмес элем. Ырчы болбосом дагы үй-бүлөм бар. Мен алар менен сыймыктанам.

Бурулкан апа кесиби боюнча эсепчи. Кесиби менен 22 жылдан бери Маймак айыл өкмөтүндө эмгектенип келе жатат.