Баткендин Кара-Бак айылындагы көрүстөндөгү бастырма боюнча чыр чыккан жок

turmush
Скачать
Просмотров: 1269
 
Опубликовано 21 Мая 2019, 10:21

Баткен районунун Кара-Бак айылында маркумдар көмүлө турган көрүстөндүн аймагына тажик чек арачылары кирип келип, адамдарды киргизбей жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, алар бир нече күндөн бери аталган көрүстөнгө ээлик кылуу аракетин көрүп жатышат. Ал жерде жаан-чачын болгон учурда атайын мүрзө казганга керектүү жабдыктар (кетмен, күрөк ж.б.) коюла турган чакан бастырма бар. Тажик тараптын чек арачылары ошол бастырмага адамдарды жолотпой жатышат.
Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын маалыматына караганда, маселе кечээ эле чечилген.

«Окуя кечээ күнү болгон. Жергиликтүү эл ал жердеги колдонулбай калган бастырманын эшиги сынып калганын көрүшөт. Алар оңдойбуз деп барышат. Ошол учурда тажик тараптын чек арачылары келип калган. Алар биздин чек арачыларга маалымат беришет. Эки тараптын чек ара кызматкерлеринин жетекчилери жолугуп маселе чечилген. Биздин жарандар бузулган эшикти оңдоп чыгып кеткен. Бул кечээ эле чечилген маселе. Тажик тараптын чек ара кызматы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, провокацияларга алдырбоо маселеси талкууланды», - деп айтылат маалыматта.