Сүлүктүдө 220 млн сомго элди таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 102
 
Опубликовано 20 Мая 2019, 16:37

Сүлүктү шаарында элди таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Баткен облусунун жетекчилигинин шаарга болгон иш сапарында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, аталган жумуштар 2018-жылдын август айында башталган. Долбоордун сметалык баасы 220 млн сомду түзүп, каражат дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган. Жалпы 45 км суу түтүк оңдолот. Учурда 10к м 400 метр оңдолду.

Сүлүктүдөгү таза суу ишканасынын башкы инженери Каныбек Халмурзаевдин айтымында, шаарда саны 21 миң жашайт. Алардын ичинен 4-5 миң адамга таза суу жетпейт. Үйүндө таза суу түтүгү коюлган болсо бир куб суу үчүн 17 сом 13 тыйын, көчөдөгү суу түтүктөн колдонсо 10 сом, коммерциялык тариф болсо 37 сом 37 тыйын төлөнөт.
«Таза суу үчүн эл акчаны төлөшү керек. 1 литр сууну 20 сомдон сатып ичип жатабыз. 1 куб суу учун айына 17 сом — бул жакшы. Эми ушул долбоорду аягына чыгаруу керек. Антпесе колдоп жаткан уюмдардын ишеничин актабай, кызматташууга терс таасирин тийгизет», - деди облус жетекчиси А.Мадумаров.