Айыл турмушу: Таластык уста У.Самсиевди айылдаштарынын арасында «Алтын кол» атка конгон

turmush
Скачать
Просмотров: 119
 
Опубликовано 20 Мая 2019, 11:50

Талас районунун Кара-Суу айылынын 62 жаштагы тургуну Уран Самсиев айылда токардык станок иштетип, айылдаштарынын арасында «Алтын кол» атка конгон.
Аймактык кабарчы устадан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, устачылыкка бала кезинен эле кызыгат.


«Устачылыкка бала күнүмдөн эле кызыгуум күчтүү. Тай жагымдан күчтүү, белгилүү усталар чыкканын угуп калам.
Бул өнөр мага таякелеримден өтсө керек.
Мектепти аяктагандан кийин
алгач тракторист болуп иштедим.
Андан кийин колхоздо унаа айдоочу болуп дагы иштеп жүрдүм.
Буга кошумча эле айылдагы Тотон атуу өкүл атамдан токардык станокто иштегенди үйрөнгөм. Жумуштан кийин барып, жанында жардам берип кошо иштеп жүрдүм.
Азыркы учурда өкүл атам каза болуп калды. Бирок бул станокту мага өзүнөн калган мурас катары табыштап кеткен.
Станокту
атамдан калган таберик катары иштетип, айыл элинин керегине жарап жатабыз.


Муну менен техникаларга керектүү көптөгөн тетиктерди жасайбыз.
Ага кошумча темир ширетип, ар түрлүү техникаларды оңдой беребиз.
Быйыл кышында жаңы чакан трактор курап баштагам. Азыркы күндө тургузуп койдум. Эми ички тетиктерин орнотуп баштайбыз. Айыл жеринде дыйканчылыктан башка киреше таба тургандай жумуш болбогондуктан ар бир үй-бүлө жер менен алек болушат. Жазгы талаа иштери башталганда эле техника жетишпей баштайт. Өткөн жазда кийинки жылга чакан трактор курайын деп ойлогом. Анан бардык тетиктерин даярдап курай баштагам. Бирок бул жазга жетишпей калдым. Буйруса келерки жылга ишке берип калабыз», - деди ал.

Устанын айылдашы Сагынбек мырза
«Бул жер баарыбыздын керегибизге жараган куттуу жер десем болот.
Кандай гана жумуш болбосун Уран акеге келебиз. Ар бирибиздин көңүлүбүзгө карап, айткан нерсеңди оюңдагыдай кылып жасап берет.
Жанында жүрүп үйрөнөбүз деген жаш балдардын саны абдан көп. Мен дагы бул жерде жүрүп
анча-мынча жумуштун көзүн таап, үйрөнүп калдым.
Айыл эли бар жумушубузду бүтүрүп жаткан Уран акемди «Алтын кол» деп мактап калабыз.
Кандай учур болбосун эч кабагын салып, «эртең кел» деген сөзүн укпайбыз. Уран акемди өз ишин мыкты билген адам катары баалайм», - деди ал.
Уран уста 3 уул, 2 кыз,
12 неберенин атасы.