"Кызыл ай" коому тарабынан Ак-Талаадагы 70 үй-бүлөгө азык-түлүк алууга купондору тапшырылды

turmush
Скачать
Просмотров: 603
 
Опубликовано 19 Мая 2019, 19:50

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда аз камсыз болгон 70 үй-бүлөгө азык-түлүк алууга купон берилди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 19-май күнү Эл аралык "Кызыл Ай" коому тарабынан аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык жардамга муктаж 70 үй-бүлөнүн ар бирине 1400 сомдун азык-түлүгү үчүн купон берилди. Иш-чарага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, аталган коомдун өкүлдөрү, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери жана жардамга муктаж үй-бүлө мүчөлөрү катышты.
Жардам берүү иш-чарасынын жүрүшүндө, келген өкүлдөр аталган долбоордун максаттары, азык-түлүктөрдү купон аркылуу алуунун жол-жоболору туурасында түшүндүрүп беришти.
《"Түрк Кызыл ай" жана кыргыз улуттук "Кызыл ай" коому менен биргеликте Ак-Талаа районундагы 70 жардамга муктаж үй-бүлөгө 1400 сомдук баучердик купондорду тапшырдык. Бул боюнча тендер ойнотулуп, тендерде утуп алган жергиликтүү соода түйүнүнөн купон алган үй-бүлөлөр спирт ичимдиктери жана чылымдардан (тамеки) башка азык-түлүктөрдү купон аркылуу ала алышат. Ал эми жардамга муктаж эң жакыр үй-бүлөлөрдү райадминистрация жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тактап, аныктап беришкен.
Долбоордун максаты - Улуу рамазан айында аз болсо дагы жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү болуп саналат》- деди аталган коомдун өкүлү.